Адылбек  Курбанов  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Адылбек  Курбанов  Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Курбанов Адылбек Умарович берген арызы боюнча  кызматынан бошотулду.

 Президенттин башка жарлыгына ылайык,  Кедеев Нурсеит Бектемирович  Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары  болуп дайындалды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.